Азия кубогуна тандоо: Кыргызстан кайсы командалар менен ойной турганы айтылды

Кыргызстан курамасы F тайпасынын сап башынан орун алган. Бул оюндардын бардыгы Бишкекте өтөт дегенди билдирет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстан футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндарында кайсы командалар менен беттеше турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Маалыматка ылайык, Азия футбол конфедерациясынын штабдык кеңсесинде 2023-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарына чүчү кулак тартылган.
Анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан курамасы F тайпасынын сап башында орун алып, Сингапур, Мьянма жана Тажикстан командалары оюн өткөрмөй болгон.
Бул оюндар 8, 11 жана 14-июнь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Тайпаларга кайсы өлкөлөр кирген

А:
Иордания;
Кувейт (кабыл алган өлкө);
Индонезия;
Непал.
В:
Палестина;
Филиппин;
Йемен;
Монголия (кабыл алган өлкө).
С:
Өзбекстан (кабыл алган өлкө);
Таиланд;
Мальдив;
Шри-Ланка.
D:
Индия (кабыл алган өлкө);
Гонконг;
Афганистан;
Камбоджа.
Е:
Бахрейн;
Түркмөнстан;
Малайзия (кабыл алган өлкө);
Бангладеш.
F:
Кыргызстан (кабыл алган өлкө);
Тажикстан;
Мьянма;
Сингапур.
Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө 13 команда кирди. Анын ичинде оюн өтө турган Кытай Эл Республикасы бар. Азия кубогуна жалпы 24 команда катышат, азыр дагы 13 команда аныктала элек. Мелдеш 2023-жылы 16-июнда Кытайда старт алат.
Пресс-борбор
КФС башчысы Бишкекте жаңы стадион качан куруларын айтты