Путин: Украина НАТОго кошулуу оюнан кайтса абал жөнгө салынмак

Өлкө башчынын айтымында, Киев бийлиги НАТОго кирүү ниетинен баш тартып, нейтралитетти сакташы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Украина бийлигинин НАТОго кошулуу ниетинен баш тартышы учурдагы көйгөйдү чечүүнүн эң ылайыктуу жолу болмок. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Азыркы оңой эмес кырдаалдан чыгуунун эң ылайыктуу жолу болуп Киев бийлигинин НАТОго кошулуу оюнан кайтып, нейтралитетти сакташы болуп турат", — деген Путин.
Мындан тышкары, президент журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Минск макулдашуусу ЛЭР менен ДЭРди тааныганга чейин эле "жок болгонун" белгиледи.
"Сегиз жылдан бери ушуну менен алекпиз. "Биз" дегенде Россияны түшүнүү керек, документтердин автору менмин. Дагы бир жолу айта кетейин, биз анда көрсөтүлгөн чаралардын ишке ашуусуна кызыкдар болчубуз, анткени бул компромисстин жыйынтыгы эле. Документтерге кечээкиге чейин тааныла элек республикалардын жетекчилери да кол койгон. Бири теракт учурунда киши колдуу болду, Украинанын атайын кызматынын колунан каза тапты. Бул жерде эч суроо жок", — деди Путин.
Анын айтымында, алгач өзүн-өзү жарыялаган республикалардын жетекчилери Минск макулдашуусуна катышып, ага кол коюуну каалаган эмес, бирок компромисс табылып, ал өз кезегинде абалды тынчтык менен жөнгө салууга карай реалдуу кадам эле.

"Бул жылдар аралыгында азыркы Киев бийлиги бардык аракетти текке кетирди. Андыктан Минск макулдашуусу аталган республикалар таанылганга чейин эле "жок кылынган". Аны биз эмес, Донбасс республикаларынын жетекчилери эмес, Киевдин бийлиги "жок кылды", — деди Путин.

Буга чейин Федерация кеңеши Россиянын Куралдуу күчтөрүн өлкө аймагынан тыш колдонууга уруксат берген болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин ЛЭР жана ДЭРге байланыштуу келишимге кол койду