Садыр Жапаров ИИМ жетекчиси баш болгон 7 жетекчиге генерал наамын тапшырды. Сүрөт

Наам алгандар - ички иштер министри жана анын эки орун басары, коргоо министри жана анын орун басары, аскер бөлүктүн командири, УКМК төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, күч түзүмдөрүнүн бир катар жетекчилерине кезектеги аскердик наамдарды ыйгарды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, күч түзүмдөрүнүн бир катар жетекчилерине кезектеги аскердик наамдарды ыйгарды.

2 / 3

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

3 / 3

Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуудагы алардын ишинин маанилүүлүгүн белгилеген Жапаров наам тапшыруу салтанатында аларды Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады.

Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуудагы алардын ишинин маанилүүлүгүн белгилеген Жапаров наам тапшыруу салтанатында аларды Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады.
Президенттин жарлыктарына ылайык:
Ички иштер министри Улан Ниязбековго "Милициянын генерал-лейтенанты" наамы ыйгарылды;
Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго "Генерал-лейтенант" аскердик наамы ыйгарылды;
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевге "Милициянын генерал-майору" наамы ыйгарылды;
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовго "Милициянын генерал-майору" наамы ыйгарылды;
Коргоо министринин орун басары Акылбек Ибраевге "Генерал-майор" аскердик наамы ыйгарылды;
УКМК төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы Жумгалбек Шабданбековго "Генерал-майор" аскердик наамы ыйгарылды;
Коргоо министрлигинин 01003-аскер бөлүгүнүн командири Руслан Мукамбетовго "Генерал-майор" аскердик наамы ыйгарылды.
Баткендеги чек ара чатагында ок жеген жоокерге Бишкектен үй берилди. Сүрөт