Өкмөт айрым азыктардын кошумча нарк салыгын алып салууну сунуштады. Тизме

Өкмөт коронавирус пандемиясы калктын азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизип жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Министрлер кабинети бир катар азык-түлүктүн кошумча нарк салыгын алып салууну сунуштады.
Токтом долбоору коомдук талкуу үчүн министрлер кабинетинин сайтына жайгаштырылды.
Төмөнкү азыктарды алып келүүдө жеңилдиктер каралышы мүмкүн:
кант, кант камышы;
өсүмдүк майы;
айыл чарба жаныбарлары жана балык үчүн тоют;
инкубациялоо үчүн уруктанган тоок жумурткалары;
арпа жана сулу.
Импорт менен алектенгендер менчигинин түрүнө жана азык ташуунун максатына карабастан салыктан бошотулушу ыктымал.
Токтом кабыл алынса салык каникулдары ушул жылдын аягына чейин күчүндө болору айтылды.
Министрлер кабинети мындай демилгени коронавирус пандемиясы калктын азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизип жатканы менен түшүндүрдү. Долбоордо ички рынокто аталган азык-түлүктөрдүн жетишсиздиги байкалып, анын айынан баалар көтөрүлгөнү белгиленген.
Ун дагы кымбаттайбы? Өлкөдө да, импортчуларда да буудайдын түшүмү аз