Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: зарылдык жаралса ЛЭР менен ДЭРге аскердик жардам көрсөтүлөт

Президент ДЭР менен ЛЭРдин көз карандысыздыгын тааныган жарлыктарга кол коюп, аймакта тынчтыкты сактоого көмөк көрсөтүүнү тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Эгер зарылдык жарала турган болсо Россия ДЭР менен ЛЭРге аскердик жардам көрсөтүү боюнча алган милдеттемелерин аткарат. Бул тууралуу өлкө башчысы Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз Донецк Эл Республикасы жана Луганск Эл Республикасы менен келишимге кол койдук. Документтерде тиешелүү жардам, анын ичинде аскердик колдоо дагы бар, көрсөтүү туралуу пунктулар камтылган. Конфликт болуп жаткандыктан бул чечимибиз менен зарылдык жарала турган болсо алган милдеттерибизди аткара турганыбызды билдирип жатабыз", — деди Путин.
Донбасста акыркы күндөрү абал бир топ курчуп кетти. ДЭР менен ЛЭР украиналык күч түзүмдөрү тарабынан бир нече ирет аткылоо болгондугун билдиришкен. Аталган республикалардын башчылары Россиянын Ростов облусуна жарандарды убактылуу эвакуациялоо иштери башталган. ДЭР башчысы Денис Пушилин Украина президенти Владимир Зеленский жакынкы аралыкта аскерлерге Донбасска басып кирүү боюнча буйрук берерин айткан. Ишемби күнү эки республиканын лидерлери жалпы жарандарды мобилизациялоо туурасында жарлыкка, ошондой эле достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу боюнча келишимге кол койгон.
Ал эми дүйшөмбү күнү президент Владимир Путин эки республиканын көз карандысыздыгы тааныла турганын айтып, чечимди Мамлекеттик дума менен Федерация кеңеши ратификациялап берген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Федерация кеңеши өлкөнүн Куралдуу күчүн чет жакта пайдаланууга уруксат берди