Видеодон МиГ-31 асманга "Кинжал" менен кошо көтөрүлүп, бир учурда абадан ташталган ракета каалгып түшүп келе жатып аракетке келип, андан соң мелжеген жерге жетип, бутага тийгенин көрүүгө болот. Анын таш-талканын чыгарган кадрлар даана тартылып калган.
Бул масштабдуу машыгуулар туурасында Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу жана Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов өлкөнүн башкы командачысы Владимир Путинге маалымдаган. Бул машыгуулар мындан бир нече күн мурда болгондугун жазды.
Х-47М2 "Кинжал" - россиялык гиперүндүү, авиациялык ракеталык комплекс. Ал авиаташыгычтарды, крейсерлерди, эсминецтерди, фрегаттарды жок кыла алат.