Радио

Нурматов: пандемияда маданият өкүлдөрү эң тартиптүү болду

Вирус инфекцияларына каршы күрөшүү боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Зуридин Нурматов коронавирустук антителого карата өткөрүлгөн илимий изилдөөнүн жыйынтыгына токтолду.
Sputnik
Былтыр июнь айында Россия менен биргеликте өткөргөн коронавирустук антителого карата илимий изилдөөбүздүн жыйынтыгында жалпы кыргызстандыктардын 59 пайызында антитело бар деген жыйынтыкка келгенбиз. Бул тууралуу Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, изилдөө адамдарды жаш куракка, жашаган аймагына жана кесибине карап бөлүү менен да жүргүзүлгөн.
"Кыргызстандыктарда коронавирус кандай жүргөнүн россиялык окумуштуулар менен биргеликте изилдегенбиз. Ага бизден жалпысынан 9 400 ыктыярчы катышкан. Адамдарды жашаган жерине карап иликтегенибизде Ош жана Бишкек шаарларынын тургундарынын антителосу аз болуп чыккан. Бул өз кезегинде кийинчерээк ушул аймактарда вирус жуктургандар көбөйөт дегенди түшүндүрөт. Болжолдонгондой эле аталган шаарлар кызыл чекке чейин жетишти. Ал эми бир жаштан 17 жашка чейинки балдардын 93,3 пайызы, 18 жаштан 29 жашка чейинкилердин 83 пайызы оорунун симптомдорун сезбей эле өткөрүп жиберишкен. Ал эми кесип боюнча алып караганда медициналык кызматкерлердин антителосу башка кесип ээлерине салыштырмалуу пайыздык көрсөткүчү жогору болду. Анткени алар бейтаптар менен түзмө-түз контактыда болуп, жуктуруу тобокелчилиги көп эле. Ал эми маданият тармагынын кызматкерлеринин антителосу аз пайызды көрсөттү. Аталган кесип ээлери маданий иш-чараларга чектөө киргизилгендигине байланыштуу илдет жуктургандар менен көп байланышта болгон эмес. Экинчи себеби чындыгында маданияттуулугун көрсөтүп, бардык санитардык режимдерди сактап жүрүшсө керек", — деди Нурматов.
Профессор илимий изилдөөнүн биринчи этабы боюнча, эмдөөнү эске албаганда 70 жаштан жогорку карыялардын 55-56 пайызында антитело пайда болгонун кошумчалады.