Казакстанга мыйзамсыз кирген деп кармалган кыргызстандыкка соттун өкүмү чыкты

Соттук отурум бүгүн, 23-февралда, болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. – Sputnik. Кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталып кармалган Кыргызстандын Ө.С. аттуу жаранына карата Алматы облустук сотунун өкүмү чыкты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Соттук отурум бүгүн, 23-февралда, болгон.
"Сот Ө.С. аттуу кыргыз жаранына айып салып, Казакстандын аймагына беш жыл кире албай тургандай чечим чыгарды. Учурда ал камактан бошотулду", – деп айтылат маалыматта.
Ө.С. Кыргызстанга жеткирилет.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандагы башаламандык. Кармалгандардын алтоо камак жайында көз жумду