Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстандагы башаламандык. Кармалгандардын алтоо камак жайында көз жумду

Эки адам Алматыдагы убактылуу кармоочу жайда көз жумса, үчөө Чыгыш Казакстан облусунда, ал эми бирөө Талдыкоргондо каза болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Казакстандагы январь окуяларынан кийин кармалгандардын ичинен алты адам убактылуу кармоочу жайда каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан билдирди.
Башкы прокуратуранын атайын прокурорлор кызматынын начальниги Ризабек Ожаров "Казакстандын чындыгы" гезитине берген маегинде учурда Башкы прокуратура тергөөнүн мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши менен алектенип жатканын айткан.
"Буга чейин бул иликтөөнү Коррупцияга каршы кызматы жүргүзүп жаткан. Бизге бардык иш өткөрүлүп берилген жок. Болгону кармалгандардын өлүмү катталган жерлер боюнча иштер өттү", — деген Ожаров.
Анын айтымында, эки адам Алматыдагы убактылуу кармоочу жайда көз жумса, үчөө Чыгыш Казакстан облусунда, ал эми бирөө Талдыкоргондо каза болгон.
"Мындан тышкары, биз кыйноо боюнча резонанс жараткан ишти да алдык. Тагыраагы, Талдыкоргондун тургундарынын бирине карата үтүк колдонуп кыйноо көрсөткөн иш. Ал киши азыркыга чейин тергөө абагында", — деген Ожаров.
Ал иликтөө уланып жатканын кошумчалаган.
Эске салсак, Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кеткен Митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышып, 220дан ашык адам көз жумган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Дагы бир кыргызстандык Казакстанда негизсиз камалганы кабарланды