Согушта кан кечип 35 миң операция жасаган Зыфар Игембердиев. Эскерүү

Медицина илимдеринин доктору, профессор, хирург Зыфар Игембердиев II дүйнөлүк согушта кан кечип далай советтик жоокердин өмүрүн сактап калган. Белгилүү хирург убагында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри катары кыргыз медицинасына бараандуу салым кошкону маалым.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде мейманда КР Эл Баатыры, белгилүү нейрохирург, медицина илимдеринин доктору, профессор Миталип Мамытов жана ЖК депутаты, Зыфар Игембердиевдин небереси Чыңгыз Айдарбеков болду. Биз залкар инсан Зыфар Игембердиевдин өмүрү жана ишмердиги тууралуу сүйлөштүк.
КР Эл Баатыры, нейрохирург Миталип Мамытов, ЖКнын депутаты, Зыфар Игембердиевдин небереси Чыңгыз Айдарбеков жана апасы Зыфаргүл Айдарбекова.. Архивдик сүрөт
— Чыңгыз Азаматович, Зыфар Игембердиевдин небереси катары ал киши тууралуу алгач кыскача айта кетсеңиз?
— Чоң атам менен абдан сыймыктанам. Ал абдан дасыккан хирург, кыргыз медицинасына зор салым кошкон кесипкөй адис эле. Зыфар Игембердиев 1974-жылы эле каза болгон. Тилекке каршы, мен аны көрбөй калгам. Ал киши II дүйнөлүк согушта, кийин республика аймагында да бир топ адамды өлүмдөн алып калган инсан. Эмгек жолун Кызыл-Кыядагы аймактык ооруканада жөнөкөй дарыгерден баштап саламаттык сактоо тармагындагы бардык тепкичти басып өткөн. Бишкектеги Улуттук госпиталды 15 жылдай жетектеген. Жасап кеткен эмгеги, кылган жакшылыктары азыр да эл арасында айтылат. Улуу муун менен сүйлөшүп калган учурда Зыфар Игембердиев тууралуу жалаң жакшы пикирлерди угам. Ушундай улуу инсандын уулу болуу мен үчүн сыймык жана жоопкерчилик. Игембердиевди тааныгандар жана көзү тирүүсүндө көргөндөр мени чоң атама түспөлдөштүрөт.
Зыфар Игембердиев 1942-жылы согушка кетип, аткычтар дивизиясынын батальонунда врач-хирург болуп иштеген
— Тарыхка из калтырган инсандардын баскан жолун айтмайынча келечекти көрө билүү кыйын. Миталип Мамытович, ал кишинин замандашы катары Игембердиевдин өмүр жолу тууралуу айтсаңыз...
Миталип Мамытов: — Зыфар Игембердиев тууралуу сүйлөп берүүгө чын көңүлүм менен келип отурам. Ал кишини эскерүү мен үчүн сыймык. Жаш кезимде анын лекцияларына катышып, жүргөн-турганын көрүп, окумуштуулук изилдөөлөрүнө күбө болгом. Игембердиев Токтогулдун Сары-Камыш деген жеринен болот. Ал жерге түшкөн үрөн гүл болуп, үн чыгарсаң ыр болуп чыгат. Игембердиев кыргыздан чыккан алгачкы хирургдардын бири, көп кишиге иши менен сабак калтырып, устат болду. 1933-жылы мединститутту Москвадан бүтүп келип, Кызыл-Кыядагы жөнөкөй эле ооруканада иштеп жүрдү. Анан 1942-жылдан 1946-жылга чейин Улуу Ата Мекендик согушка барып катышып келген. Аткычтар дивизиясынын батальонунда хирург болуп, кан күйгөн согушта көп азаптарды баштан кечирет. Согушта Болгария, Румыния, Югославия өңдүү өлкөлөрдө болуп, миңдеген операцияларды жасагандыгын билебиз. Биздин өлкөдө биринчилерден болуп 1953-жылы медицина илиминин докторлугун жактап, 1966-жылы профессор наамын алды. Ошол жылдары биз лекциясын угуп, андан хирургия боюнча сабак алып калганбыз. Хирургияны абдан жакшы билчү. Согуштан келгенден кийин саламаттык сактоо министринин орун басары, андан соң министр болуп турду. Медициналык институтта проректор, анан 1960-жылдарга чейин ректор катары эмгектенди. 1960-жылдан 1974-жылга чейин Улуттук госпиталда 14 жыл кафедра башчысы болуп көптөгөн шакирттерин чыгарды. Биздин алган билимибиз түздөн-түз ушул Зыфар Игембердиевге байланыштуу. Абдан кичи пейил, эч качан жаман айтпаган адам болчу. Ушул жагынан да андан үлгү алар элек.
Миталип Мамытов: жаш кезимде Зыфар Игембердиевдин лекцияларына катышып, жүргөн-турганын көрүп, окумуштуулук изилдөөлөрүнө күбө болгом.
— Игембердиевден сабак алып, лекцияларына катышып калдым деп жатпайсызбы. Жеке өзүңүз ал киши менен кандайча таанышып калдыңыз эле?
М.М.: — Мединститутта окумуштуулар кеңешинин катчысы болчу. Мен анда студентмин. Ошол жерде бизге сабак берип, көп жыйындарда сүйлөп жүрдү. Ошондо биринчи ирет көрүп, таанып калгам. 1973-жылы санавиация менен Сары-Камышка Игембердиевдин айылына учуп бара турган болуп калдым. Бир чабан башынан катуу жаракат алыптыр. Кыш болчу. Анан алты кишилик санавиациянын учагына кирсем, башка кишилер отурат. Жалгыз эле барышым керек болчу да. Анын үстүнө санавиациянын да өз тартиби бар. Анан "булар кимдер?" деп сурасам, көрсө кышында үйүнө баралбай шаарда калып калган сары-камыштыктар экен. Шарты катаал айыл да. Кышында жол жабылып, эл ары-бери каттай албай камалып калчу. Ошентип Зыфар Игембердиевдин дайындоосу менен эптеп үйүнө жетип алуу максатында кошулушуптур. Кышында сыртта калып калган жердештерине боору ооруп, эптеп жетип алсын дегени экен.
Бул кишинин убагында илим жакташ кыйын эле. Анан кандидаттык диссертациясын да согуштагы тажрыйбасына таянып ички органдарга ок тийип жарадар болгондор тууралуу жактап жатпайбы. Кийин докторлугун күйгөн адамдын өзүн жоготуп, шок абалга түшүп калуусу тууралуу коргогон. Катуу күйгөн адам шокко түшүп калат. Бул тууралуу эмгектери, китептери да бар. Көптөгөн медициналык изилдөөлөрдү чыгарган.
Медицина илимдеринин доктору, профессор, хирург Зыфар Игембердиев кол астындагылары менен согушта 35 миңге жакын операция жасаган
— Чыңгыз Азаматович, негизи сиздин чоң аталарыңызды Жумгалдан Чүйгө көчүп келген деген да кептер айтылып жүрөт...
Ч.А.: — Чоң атам Токтогулдун Сары-Камыш айылында төрөлүп, 1919-жылы 11 жашында Алматы шаарындагы педтехникумга кирет. Ал жактан Абдылас Малдыбаев атабыз менен чогуу окуган. Экөө өмүрүнүн акырына чейин мыкты дос болуптур. Кийин согуштан кайтканда досуна Германиядан фрак алып келип берген экен. Аны Абдылас атабыз далай концерттик кечелерде кийип, өмүрүнүн акырына чейин сактаптыр. Азыр да ал кишинин үй-музейинде ушул фрак турат.
1929-жылы Зыфар Игембердиев Ташкенттеги медициналык институттун фармацевтика бөлүмүн бүтүргөн. Анан врач катары министрдин сунушу менен Москвага окууга кетет. Ошол кезде медицина тармагындагы алптар Мартынов, Бурденко, Юдин, Герцен, Кончаловский, Вишневский, Самарин өңдүү белгилүү инсандардан сабак алат. Москвадагы медициналык институттан окуп келгендер бизде өтө аз. Хирургдардан биринчилерден болуп Москвадан 1933-жылы Зыфар Игембердиев, Майлышев, 1935-жылы Иса Ахунбаев бүтүргөн. Ал эми 1939-жылы чоң апам Рафа Айдарбекова да мединститутту аяктаган.
Зыфар Игембердиев жубайы Рафа Айдарбекова жана уулу Азамат Айдарбеков менен. Архивдик сүрөт
— Согушка кандайча барып калган экен?
Ч.А.: — 1942-жылы согушка кетип, жогоруда айткандай, аткычтар дивизиясынын батальонунда врач-хирург катары иштеп, кол астындагылары менен 35 миңге жакын операция жасаган. Бирок согушка баруусуна эмне түрткү болгону белгисиз.
Чыңгыз Айдарбековдун чоң таятасы республиканын биринчи жетекчилеринин бири Иманалы Айдарбеков, ал эми чоң атасы медицина тармагын түптөгөн Зыфар Игембердиев
— Игембердиевди белгилүү хирург Иса Ахунбаевдин устаты болгон дешет. Бул тууралуу маалыматыңыз барбы?
М.М.: — Бир билгеним, экөө чогуу иштеп, студенттерге сабак берип жүрүштү. Шакирти болсо болгондур, ал жагын так айта албайм. Экөө тең Кыргызстандагы хирургияны, медицинаны негиздөөчүлөрдөн жана Мамбет Мамакеев баштаган хирургдардын устаты болушкан.
Тарыхый инсан, республиканын алгачкы жетекчилеринин бири Иманалы Айдарбековдун кызы, Зыфар Игембердиевдин жубайы Рафа Айдарбекова да бизге сабак берип калды. Ал киши абдан чечкиндүү, өтө курч, өткүр, шар жүргөн адам эле. Сабак учурунда атасы тууралуу да угуп калдым. Байкашымча, бул киши жолдошунун деңгээлинде билимдүү болууга жан үрөп изденип окуп жүрдү окшойт. Экөө жакшынакай түгөйлөр эле.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, врач-хирург Рафа Айдарбекова операция учурунда
— Зыфар Игембердиевдин алган сыйлыктары тууралуу айтсаңыз, кайсы эмгектеринин негизинде кандай наам, сыйлыктар берилген?
Ч.А.: — Жоокерлерди өлүмдөн аман алып калганы жана согушта жасаган эрдиктери үчүн бир нече жогорку даражадагы наамдардын ээси болгон. Согуштун оор жылдарында үзгүлтүксүз аткылоонун жана бомбалоонун алдында, ызгаардуу суукта, мээ кайнаган ысыкта операциялык столдун жанында тикесинен тик туруп бир нече саат тынымсыз, кээде суткалап иштегендиги менен ардакталган. Бул анын адамдык сапатын да айгинелеген. Улуу Ата Мекендик согушта жасаган эрдиктери үчүн II даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордени жана Будапештти, Венгрияны бошоткондугу үчүн медалына ээ болгон. Сталиндин өз колунан жана фронттун командачысынан 34 жолу Алкыш баракчасын алган. Ошондой эле өлкөнүн медицинасына сиңирген эмгеги үчүн бир катар сыйлыктардын ээси. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери, медицинанын отличниги болуп эсептелинет. Ал киши алгач өлкөдө ичеги-карынга ийгиликтүү операция жасап, бир катар академиктердин жетекчилиги астында мээнин функционалдык бузулушу учурунда боор менен өттүн жабыркашы тууралуу изилдөө жүргүзгөн. Академик Павловдун шарттуу рефлекстер тууралуу ачылышына 13 жаңылык киргизген. Ошондой эле клиникалык жактан да татаал операцияларды ийгиликтүү ишке ашыра алгандыгы менен белгилүү. Анын кол астында ондогон кандидаттык диссертациялар, эки докторлук иш жакталган. Зыфар Игембердиевдин хирургияда 45 илимий эмгеги бар.
Зыфар Игембердиев, Рафа Айдарбекова жана башкалар согуш жылдарында.... Архивдик сүрөт
— Чоң апаңыз, Иманалы Айдарбековдун кызы Рафа Айдарбекова экөө согушта кандайча таанышып калган экен?
Ч.А.: — Чынында ушул жагынан маалыматым аз. Бул тууралуу чоң апам да көп айткан эмес. Согуш, кан күйгөн оор учур болгондуктан эскергиси деле келбесе керек. Чоң апам Рафа да согушта врач-хирург болуп иштеп, бир катар операцияларды жасаган. Ал 1941-жылдан 1946-жылга чейин майданда жүрүп, Фрунзеге подполковник чини менен кайткан.
Рафа Иманалиевна чет элдик угуучулар жана курсанттар менен кезиккенде фронттогу ооруканада бир ирет оор жараат алган жоокерди сактап калганын айтып берген экен. Бул тууралуу сиздерге жарыяланган макаладан окудум эле. Бир аскерге операция жасалып жаткан учурда фашисттик авиация бомбалай баштайт. Бомбанын чачырандысы анын бутунун балтырына сайылат. Ага көңүл бурбай операциясын уланта берет.
Рафа Иманалиевна да кан майданда миңдеген операцияларды жасап, далай советтик жоокерлердин өмүрүн алып калган инсан.
Зыфар Игембердиев саламаттыкты сактоо министри кезинде Исхак Раззаков менен бирге иштешип, тармакка бир катар реформаларды киргизип, медициналык окуу жайларды салдырып, клиникаларды ачууга жана ирилештирүүгө киришкен
— Саламаттык сактоо тармагында жетекчилик кызматта турганда ушул системага чоң атаңыздын опол тоодой эмгек жасаганы айтылат...
— 1945-жылы министрдин биринчи орун басары, кийин министр болгон. Ошол жылдары республиканын башында турган Исхак Раззаков менен бирге иштешип, тармакка бир катар реформаларды киргизип, медициналык окуу жайларды салдырып, клиникаларды ачууга жана ирилештирүүгө белсенип киришкен. Бул тармактагы опол тоодой эмгеги үчүн да жогорку даражадагы сыйлыктар менен сыйланган. 1940-жылы врачтардын саны калктын 3,9 пайызын түзсө, 1950-жылы 9,7 пайызга жеткен. Ооруканалардын саны 110дон 133кө көбөйгөн. Койкалардын, фельдшерлердин саны да өсүп, аймактык ооруканаларды да өнүктүрүүгө салымын кошкон. Чоң атам ошол үч жыл ичинде абдан жакшы иштептир. Ал убакта министрлик мөөнөт үч жыл болгон да.
М.А.: — Ал киши түптөгөн хирургия, тажрыйба бүгүнкү күнгө чейин уланып жатат. Мен да министр болуп иштегем. Ошондуктан түйшүктү жакшы билем. Совет убагында тартип катуу, жаңыдан түптөлүү учуру болгондуктан баары эле иштин көзүн таап кете алган эмес. Зыфар Игембердиев менен Рафа Айдарбекованын уулу Азамат Айдарбеков (Чыңгыз Айдарбековдун атасы — ред.) белгилүү хирург болуп, докторантураны Москва шаарында Россиянын Илимдер академиясынын онкология борборунда аяктаган. Ал 2005-жылы оорудан каза тапкан. Келини Зифаргүл Айдарбекова да медицина илимдеринин доктору, профессор. Азыркы тапта Медициналык академиянын гистология кафедрасынын жетекчиси. Ошондой эле небереси, Чыңгыз Азаматовичтин эжеси Айжан Азамат да учурда медицина илимдеринин доктору, профессор.
Улуу кызы киши колдуу болуп, кичүүсүн качырып. Иманалы Айдарбеков жөнүндө 10 факты
Кыргыз каймактарынын бири Иманалы Айдарбеков жана үй-бүлөсү. Тарыхый 11 ирмем