ЖМК: ЕБ Мамдуманын 351 депутатына каршы санкция даярдоодо

Боррель Россия президенти тизмеде жок экенин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Европа биримдиги дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель ЕБдин Россияга каршы санкциясы ЛЭР менен ДЭРдин эгемендүүлүгүн таанууга добуш берген Мамлекеттик думанын бардык депутаттарына тиешелүү болорун айтканын РИА Новости кабарлады.
"Бул чечимдерди кабыл алгандардын баарына каршы персоналдык санкциялар кабыл алынат. Анын ичинде россиялык депутаттар дагы бар. Мындан тышкары, аскердик секторго жооп берчүлөргө каршы да санкциялар кабыл алынат", — деген Боррель.
РИА Новости басылмасынын Telegram-каналындагы маалымат боюнча, Евробиримдиктин санкциясында Мамлекеттик думанын 351 депутаты кабылат. Андан тышкары, тизмеде 27 жеке жана юридикалык жактар бар.
Боррель Россия президенти тизмеде жок экенин кошумчалаган.
Путин: Украина НАТОго кошулуу оюнан кайтса абал жөнгө салынмак