Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донбасстын 775 миңден ашуун тургуну Россия жарандыгын алды

Маалыматка караганда, ушул тапта жарандык сурап арыз жазгандардын саны 110 миңден ашты. Учурда паспорт столго жана милиция бөлүмүнө келгендердин кезеги суюла элек.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Донбасстын 775 миңден ашуун тургуну Россия жарандыгын алды жана алгысы келгендер дагы деле көп болуп жатат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Мамлекеттик Думанын өкүлү Виктор Водолацкий билдирди.
"Ушул тапта жарандык сурап арыз жазгандардын саны 110 миңден ашты. Учурда паспорт столго жана милиция бөлүмүнө келгендердин аягы суюлбай жатат", — деп айтылат кабарда.
Донбасстагы абал акыркы күндөрү курчуп кетти. ДЭР менен ЛЭР украиналык күч түзүмдөрү тарабынан бир нече ирет аткылоо болгондугун билдиришкен. Аталган республикалардын башчылары Россиянын Ростов облусуна жарандарды убактылуу эвакуациялоо иштери башталганын айтышкан.
ДЭР башчысы Денис Пушилин Украина президенти Владимир Зеленский жакынкы аралыкта аскерлерге Донбасска басып кирүү боюнча буйрук берерин айткан. Ишемби күнү эки республиканын лидерлери жалпы жарандарды мобилизациялоо туурасында жарлыкка, ошондой эле достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу боюнча келишимге кол койгон. Украинанын чыгышындагы чатак дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет.
БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.
Путин: Украина НАТОго кошулуу оюнан кайтса абал жөнгө салынмак