Бишкектеги "Даңк" аллеясында Антонина Шевченкого арналган жылдызча пайда болду

"Пантера" каймана аты бар кыргызстандык спортчу ММА спортунда 9 беттеште жеңишти камсыздап, 4 ирет утулган. Учурда UFC уюмунда эмгектенип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бишкектеги "Даңк" аллеясында Кыргызстандан чыккан UFC мушкери Антонина Шевченкого арналган жылдызча пайда болду. Бул тууралуу спортчу өзүнүн Instagram баракчасына жазды.
"Туулуп-өскөн, машыккан шаарымда жылдызымдын пайда болушун сыймыктануу менен кабыл алдым", — деп жазды ал.
"Пантера" каймана аты бар кыргызстандык спортчу ММА спортунда 9 беттеште жеңишти камсыздап, 4 ирет утулган. Учурда UFC уюмунда эмгектенип жатат.
"Даңк" аллеясы Бишкектеги ири соода борборлорунун биринде жайгашкан. Ал жерге искусство, спорт сыяктуу тармактарда ийгилик жараткан атактуу кыргызстандыктардын жылдызчалары коюлган.
Нуньес менен үчүнчү беттешке чыгабы? Шевченко шартын түшүндүрдү