Бейшембиге карата аба ырайы

24-февралда күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бейшембиде тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +8…+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +10…+15, Талас жеринде +7…+12, Ысык-Көл өрөөнүндө +3…+8, Нарын чөлкөмүндө 0…+5 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +11…+13 жана Ош шаарларында +12…+14 градусту көрсөтөт.
Күн жылыйбы? Бир жумага карата аба ырайы