Баткендеги чек ара чатагында ок жеген жоокерге Бишкектен үй берилди. Сүрөт

Жапаров чек арачы Мирбек Султанбек уулунун ден соолугун сурап, жоокерге Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо көрсөткөн эрдиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, батирдин ачкычын тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында баатырдык көрсөтүп ок жеген Мирбек Султанбек уулу жана ошол кармашта курман болгон прапорщик Бекзодбек Юлдашевдин жесири менен жолукту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында баатырдык көрсөтүп ок жеген Мирбек Султанбек уулу жана ошол кармашта курман болгон прапорщик Бекзодбек Юлдашевдин жесири менен жолукту.

2 / 4

Ок жеген жоокерге борбор калаадан үй берилген.

3 / 4

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Мирбек Султанбек уулун Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, ага Бишкек шаарынан батирдин ачкычын тапшырды.

4 / 4

Бекзодбек Юлдашевдин жесирине дагы бир жолу көңүл айтып, ага жана балдарына ден соолук, узун өмүр каалады. Каза болгон прапорщиктин жесирине материалдык жардам көрсөтүлдү

Ок жеген жоокерге борбор калаадан үй берилген.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаров Мирбек Султанбек уулун Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, ага Бишкек шаарынан батирдин ачкычын тапшырды. Бекзодбек Юлдашевдин жесирине дагы бир жолу көңүл айтып, ага жана балдарына ден соолук, узун өмүр каалады. Каза болгон прапорщиктин жесирине материалдык жардам көрсөтүлдү" , — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2020-жылы 8-майда кыргыз-тажик чек арасында чыккан чатакта Чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн "Көк-Таш" чек ара заставасынын башчысы Мирбек Султанбек уулу ок жеген. Ал быйыл Эрдик медалы менен сыйланган.
Ал эми Бекзодбек Юлдашев 2021-жылдын апрель айында чек ара чатагынан улам Тажикстан тараптын куралдуу кол салуусунда мекенди коргоп жатып курман болгон. Соңку маалыматтарга таянсак, куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык каза болуп, 180ден ашууну жаракат алган.
Өткөн жылдын (2021-жылдын) май айында Бекзодбек Юлдашев курман болгондон кийин Эрдик медалы менен сыйланган. Үй-бүлөсү буга чейин Бишкектен батир алышкан.
Президент Жапаров чек арачы Мирбек Султанбек уулунун ден соолугун сурап, анын тезирээк сакайып кетишин каалады, ошондой эле жоокерге Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо көрсөткөн эрдиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
Өкмөт: Баткендеги бир айлык аскердик кызмат эки айга теңелет