Акылбек Жапаров: Баткендеги эки аэропортко эл аралык макам берилет

Кеп Баткен жана Исфана шаарларындагы аба майдандар тууралуу болуп жатат. Учурда каттамдардын санын көбөйтүү иштери жүрүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Баткен облусундагы эки аэропортко эл аралык статус берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облуста өткөн көчмө жыйын маалында билдирди.
Анын айтымында, кеп Баткен жана Исфана шаарларындагы аба майдандар тууралуу болуп жатат. Учурда каттамдардын санын көбөйтүү иштери жүрүүдө.
Кечээ Баткенде министрлер кабинетинин көчмө жыйыны өтүп, ага бардык министрлер катышкан.
Кеңешме учурунда Баткен облусунун социалдык маселелерин чечүү максатында бир катар көйгөйлөр каралган.
Өкмөт: Баткендеги бир айлык аскердик кызмат эки айга теңелет