Банктар кардардан көбүрөөк акча алуу үчүн кандай амалдарды колдонот

Адистин пикиринде, мындай банктар өз кардарларына ар кандай камсыздандырууларды жана кошумча банк карталарын сунуштагандан тажабайт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кардардан көбүрөөк акча өндүрүп калууну көздөгөн банктар кандай амалдарды колдонорун "Прайм" агенттигине Финансыны башкаруу боюнча жогорку мектептин аналитика бөлүмүнүн башчысы Михаил Коган айтып берди.
Адистин пикиринде, мындай банктар өз кардарларына ар кандай камсыздандырууларды жана кошумча банк карталарын сунуштагандан тажабайт.
"Адамдын өмүрүн, ден соолугун же кыймылсыз мүлкүн, албетте, банк өзү камсыздандырбайт. Аны атайын камсыздандыруучу фирмалар ишке ашырат. Бирок банктар алар менен иштешип, өз пайызын алышат. Бул кошумча киреше", — деди Коган.
Банктар сунуштаган кредиттик карталар, адистин айтымында, кишини карызга батыруунун оңой жолу. Аны туура пайдалана албаган адам өзү билип-билбей ошол карта аркылуу банктан карызга акча ала берип, аягында чоң көйгөйгө учурайт.
Ошондой эле банктар СМС-билдирүүлөрдөн акча табууга аракет кылат. Баланс, акча которуулар сыяктуу операциялар боюнча эсеп ээсине маалымат берип туруу үчүн банктар айына бир нече сомдон акча алып турат.
Мындан тышкары, айрым финансы уюмдары насыя тарыхы боюнча маалымат берүү үчүн кардардан акча талап кылат. Адистин айтымында, мунун баары банктар үчүн кошумча киреше көрүүнүн түрлөрү.
Карыз албачы деги... Жадыбалдай жаттап алчу 5 адат