Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиянын ДЭР менен ЛЭРди таанышы. Рада билдирүү кабыл алды

Билдирмеге караганда, Жогорку Рада "Түндүк агым-2" долбоорун тоңдуруп, SWIFT системасын өчүрүү сыяктуу санкциялар менен коркуткан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Украинанын Жогорку Радасы Россияга Донецк менен Луганскини тааныган билдирүүсүн артка алууга чакырган документ кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, Жогорку Рада "Түндүк агым-2" долбоорун тоңдуруп, SWIFT системасын өчүрүү сыяктуу санкциялар менен коркуткан. Токтомду парламенттин 336 депутаты колдогону айтылды.
Кабыл алынган документте Украинанын парламенти Россияны Донецк менен Луганскини таанып, башкаларды тааныбаганын артка кайтарууга чакырган. Мындан тышкары, Рада эл аралык өнөктөш мамлекеттерди Россияга каршы кошумча санкцияларды киргизүүгө чакырган.

"Россиянын Украинага болгон куралдуу агрессиясын токтотуу максатында Жогорку Рада РФке жана анын жетекчилигине кошумча каржылык жана персоналдык санкцияларды киргизүүгө чакырат. Бул санкциялардын ичинде “Түндүк агым-2" долбоорун тоңдуруу, Россияны дүйнөдөгү бардык финансылык уюмдар жүргүзгөн операциялар боюнча маалымат алышып-беришип турчу системадан (SWIFT) чыгаруу жана жогорку технологияларды Россияга экспорттоону токтотуу бар", — деп айтылат маалыматта.

Эл өкүлдөрү башка мамлекеттердин өкмөт, парламентин Украинанын коргоо мүмкүнчүлүгүн бекемдөөгө жардамдашууга чакырган.
Эске салсак, буга чейин Россия президенти Владимир Путин элге жасаган кайрылуусунда Россия Донецк менен Луганскинин көз карандысыздыгын тааный тургандыгын айткан.
ЛЭР менен ДЭР суверендүүлүгүнүн таанылышын кантип майрамдады. Видео