БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин элге жасаган кайрылуусунда Россия Донецк менен Луганскинин көз карандысыздыгын тааный тургандыгын айтты.
"Токтоосуз түрдө Донецк Эл Республикасынын жана Луганск Эл Республикасынын көз карандысыздыгы менен суверендүүлүгүн таануу зарыл деп эсептейм жана бул чечимди Федералдык жыйындын ратификациялоосун өтүнөм", — деди Путин.
Андан соң атайын жарлыкка кол койду.
Анын айтымында, Россия Украинанын аймактык бүтүндүгүн сакташ үчүн баарын жасады.
Буга чейин Донецк Эл Республикасынын (ДЭР) жана Луганск Эл Республикасынын (ЛЭР) башчылары Россия президентине алардын суверендүүлүгүн таанууну суранып кайрылган эле.
Бул маселе боюнча Россия лидери Владимир Путиндин төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңештин жыйыны өтүп, анда сүйлөгөндөр ДЭР менен ЛЭРдин эгемендүүлүгүн таануу керектигин айтышкан.
Донбасстагы абал акыркы күндөрү курчуп кетти. ДЭР менен ЛЭР украиналык күч түзүмдөрү тарабынан бир нече ирет аткылоо болгондугун билдиришкен. Аталган республикалардын башчылары Россиянын Ростов облусуна жарандарды убактылуу эвакуациялоо иштери башталгандыгын билдирген. ДЭР башчысы Денис Пушилин Украина президенти Владимир Зеленский жакынкы аралыкта аскерлерге Донбасска басып кирүү боюнча буйрук берерин айткан. Ишемби күнү эки республиканын лидерлери жалпы жарандарды мобилизациялоо туурасында жарлыкка, ошондой эле достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу боюнча келишимге кол койгон.
Украинанын чыгышындагы чатак дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.