Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Эми биз ошентебиз". Путин НАТОго жооп кылган чаралар тууралуу айтты

Россия лидери өлкө боюнча капыстан сокку ура турган ыктымалдуулуктар арбып, Украина плацдарм болушу мүмкүндүгүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Россия өзүнүн коопсуздугун сактоо үчүн жооп кылган чараларды көрүүгө укугу бар деди РФ президенти Владимир Путин улутка жасаган видеокайрылуусу учурунда.
Ал озунуп кол салгандар боюнча айтып жатып коопсуздук чараларын көрүү туурасында так кесе билдирүү кылды.
"Россия өзүнүн коопсуздугун сактоо үчүн жооп кылган чараларды көрүүгө укугу бар. Биз ошентебиз", — деди бул жагдай боюнча айтып жатып.
Анын айтымында, НАТОнун негизги каршылашы – Россия. Украинанын аталган уюмга кириши жана алардын аймагына альянстын куралдарын жайгаштыруусу эбак чечилген маселе. Украина НАТОго азыр кошулабы же кечирээк киреби, Россия үчүн эч нерсе деле өзгөрбөйт.
РФ башчысы Россия боюнча капыстан сокку ура турган ыктымалдуулуктар арбып, Украина плацдарм болушу мүмкүндүгүн айтты.
Ал Украинадагы чет элдиктердин катышуусундагы машыгуулар аймакта күчтү топтоо жана жакынкы мезгилде алардын көбүрөөк бөлүгүн жайгаштырып калуу аракети экенин белгиледи.
Путиндин пикиринде НАТОнун радиолокациялык жабдуулары Украинага алып келине турган болсо, аларга Россиянын аймагын көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгү жаралат.
Бүгүн Россия лидери элге видеокайрылуу жасап, Донецк жана Луганск элдик республикаларынын көз карандысыздыгын таануу боюнча жарлыкка кол койду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Донецк менен Луганскинин көз карандысыздыгын таанымай болду