Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: АКШ Украинага ракеталарын жайгаштырса Москвага 4 мүнөттө учуп жетет

Россия лидери АКШ ракеталарын Украинага алып келсе Россияны кыйратууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Эгер америкалык ракеталарды Украинага жайгаштыра турган болсо, алар Москвага төрт мүнөттүн аралыгында учуп келет. Бул туурасында Россиянын президенти Владимир Путин кайрылуусунда билдирди.
Анын айтымында, Украинанын көптөгөн аэродромдору Россиянын чек арасынан анча алыс эмес жерде жайгашкан.
"Бул жерге НАТОнун тактикалык авиациясын, анын ичинде жогорку тактыкта атуучу куралдарын жайгаштыруусу биздин аймактын Волгоград — Казань — Самара — Астраханга чейинки бөлүгүн кыйратып коёт. Радиолокациялык каражаттарды Украинанын аймактарына орнотуу НАТОнун чалгынчыларына Россиянын аба мейкиндигин Уралга чейин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт", — деп айткан Путин.
Ал Кошмо Штаттар менен орто жана кыска ыраактагы ракеталар жөнүндө келишим бузулгандан кийин Пентагон ачык эле сокку уруучу каражаттарын чыгара баштаганын айтып, анын ичинде 5,5 миң чакырымга чейин жете турган баллистикалык ракеталар бар экенин белгиледи.
"Эгер мындай системалар Украинага жайгаштырылып калса, алар Россиянын бардык европалык аймактарын жана Уралды кыйратышы мүмкүн. "Томагавк" канаттуу ракетасынын Москвага чейинки учуу убактысы 35 мүнөткө чукул, баллистикалык ракеталар Харьков районуна 7-8 мүнөттө, ал эми гиперүндүү сокку уруучу каражаттар 4-5 мүнөттө жетип келет. Муну түздөн-түз сес көрсөтүү десек болот. Алар мындай пландарын дагы былтыркыдай кылып ишке ашырууну көздөп жатышканынан шегим бар. НАТО аскердик инфраструктурасын жана техникасын Россиянын чек арасына тартып келип, Чыгыштагы контингентин кеңейтүүнү көздөп жатат. Ошол эле учурда биздин тынчсыздануу, нааразычылык жана эскертүүлөрүбүздү көңүл сыртында калтырууда. Кечиресиздер, мунун баарына түкүрүп туруп өздөрүнө керектүүнүн баарын жасашты", — деди Путин.
Белгилей кетсек, Владимир Путин элге жасаган кайрылуусунда Россия Донецк жана Луганск элдик республикаларынын көз карандысыздыгын тааный турганын жарыялаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мюнхендик көмүскө бүтүм. Зеленский кайрадан Россия менен согушууга жөнөтүлдү