Радио

Аскарбекова: мамкомпаниялардын акцияларын ачык жайгаштыруу каралууда

"Сенти" финансылык компаниясынын директору Мээрим Аскарбекова мамлекеттик компаниялардын акцияларын IPO аркылуу жайгаштыруу каралып жаткандыгын айтты.
Sputnik
Мамлекет тарабынан "Кыргызтелеком", "Учкун", "Манас" эл аралык аэропорту", "Кыргызнефтегаз" компанияларынын акцияларын алгачкы ирет ачык жайгаштыруу пландалган. Бул тууралуу Мээрим Аскарбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Салым финанс" микрокаржылоо компаниясы артыкчылыктуу акциялардын ачык эмиссиясын чыгарган Кыргызстандагы биринчи уюм болгондуктан, анын тажрыйбасы башка мекемелер үчүн колдонулат.
"IPO — бул компаниянын артыкчылыктуу акцияларын биринчи ирет ачык сунуштоо жана инвесторлорго тартуулоо. Өлкө тарыхында 2020-жылга чейин бир дагы IPO катталган эмес. "Салым финанс" микрокаржылоо компаниясы ААКы артыкчылыктуу акциялардын ачык эмиссиясын чыгарган Кыргызстандагы биринчи уюм болуп калды. Эми анын тажрыйбасын башка компаниялар колдонуусу кажет. Алдыда мамлекеттик компаниялардын акцияларын алгачкы ирет ачык жайгаштыруу каралууда. Алар "Кыргызтелеком", "Учкун", "Манас" эл аралык аэропорту", "Кыргызнефтегаз" эсептелет. Бул ыкма инвесторлорду чакырууга көмөкчү болот", — деди Аскарбекова.
Ошондой эле адис IPO аркылуу акцияларын жайгаштыруу үчүн жергиликтүү компаниялар даярдык көрүшү керектигин кошумчалады.