Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими жоюлдубу? Өкмөттүн жообу

Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылдын март айында өзгөчө кырдаал киргизилген болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бүгүн парламенттин тармактык комитетинин жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Абдисамат Сагымбаев өлкөдө өзгөчө кырдаал режими алып салынганын билдирди.
Ал депутат Дастан Жумабековдун суроосуна жооп берип жатып учурда өзгөчө кырдаал режими жок экенин айткан. Анын сөзүнө таянып айрым ЖМКлар маалымат тараткан.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстанга аткаминердин билдирүүсүн төгүндөп, учурда өзгөчө кырдаал күчүндө экенин ырастады.
Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылдын март айында жалпы Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Министрлик: Кыргызстанда COVID-19дун төртүнчү толкуну бүттү