Пресс-борбор

Адис Кыргызстанда эмне себептен нефрологдор аз экенин түшүндүрдү

Сутуеванын айтымында, өлкөдө нефролог менен катар эндокринолог, психиатр сыяктуу адистер жетишпейт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева Кыргызстанда эмне себептен нефрологдор аз экенин түшүндүрдү.
Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда "Кыргызстанда гемодиализге болгон суроо-талап күч" аттуу брифинг өттү.
"Нефрология медицинада өтө оор тармактардын бири болгондуктан ага окугандар аз. Нефрологияда бейтаптардын айыккан-айыкпаганы өтө узак убакытта билинет. Ишинин жыйынтыгы көптө билинген тармакка баары эле бара бербейт. Студенттер бул тармакка ыктабай жатат. Хирургия деле оңой эмес, бирок сокур ичегини алгандан кийин 2-3 күндөн соң бейтаптар басып кетип ишинин жыйынтыгы көрүнөт. Ал эми нефрология андай эмес. Азыркы күндө нефрологдор Ош облустук ооруканасында, Жалал-Абад бириккен клиникалык ооруканасында, Бишкектеги Улуттук госпиталь менен Улуттук кардиология жана терапия борборунда гана бар. Негизи ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда нефролог отурса жакшы болмок", — деди Сутуева.
Ал өлкөдө нефролог менен катар эндокринолог, психиатр сыяктуу адистер жетишпей турганын кошумчалады.
Бишкекте гемодиализ кызматын уруксатсыз көрсөткөн жеке клиникалар аныкталды