БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Өлкөдөн минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБ аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Мындай чечимди Кыргызстандын министрлер кабинети кабыл алган.
"Бул нерсе жазгы талаа жумуштарынын мезгилинде ата мекендик айыл чарбаны минералдык жер семирткичтер менен өз убагында жана толук көлөмдө камсыздоого багытталган", — деп айтылат маалыматта.
Тыюу алты айга созулат.