Кыргызстан былтыр төрт өлкөгө бир тоннадан ашуун ичеги-карын экспорттоду

Экспорттун көлөмү мурунку жылкыга салыштырмуу бир аз азайган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстан өткөн жылы 1 198,6 тонна мал, жандыктардын ичеги-карынын экспорттоду. Бул туурасында Улуттук статистика комитети маалымдады.
Чет өлкөгө сатылган бул товардын жалпы суммасы 995,8 миң долларды түзгөн.
Сатып алган өлкөлөр:
Гонконг (Кытайдын атайын административдик району) — 556 тонна;
Вьетнам — 420,9;
Түркия — 183,8;
Египет — 37,9.
2020-жылы ушул эле продукциянын 1 284,1 тоннасы экспорттолуп, 997,7 миң долларга бааланган. Ал убакта Грузия менен Мьянма дагы сатып алчу, былтыр алардын ордуна Египет кошулган.
Радио
Ниязов: былтыр Кыргызстан 5 миң тоннадай кубулжума форель экспорттоду