Кыргызстанда гемодиализге муктаж болгон адамдардын саны жыл сайын өсүп жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, бийлик гемодиализ үчүн жыл сайын 1,421 миллиард сом сарптайт. Бирок бул сумма дагы жетишсиз. Өлкөдө бөйрөктү алмаштыруу боюнча операциялардын санын көбөйтүү, нефрологдордун жетишсиздиги, лабораториялардын жоктугу сыяктуу көйгөйлөр курч. Көпчүлүк дарыгерлердин айтымында, эгер бөйрөктү алмаштыруу боюнча операциялар арбын жасалып жана бейтаптарга биринчи жардамды көрсөтүүгө көңүл бөлүнсө, диализге муктаждардын саны кыйла азаймак.
Брифингдин катышуучулары ушул жана башка көйгөйлөрдү козгоп, кырдаалды жакшыртуу үчүн сунуштарын беришет:
Байзаков Мирбек Турсунбекович — Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун тубаса кемтиги бар бейтаптарды караган бөлүмдүн жетекчиси;
Бекешев Дастан Далабайевич — Жогорку Кеңештин депутаты;
Сутуева Гүласыл Бурхановна — Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси.
Урматтуу кесиптештер, сурооңуздарды (0553) 28-27-97 номериндеги Telegram-каналга жиберсеңиздер болот. Модератор түз эфирде окуйт.