Пресс-борбор

Кыргыз-казак чек арасына топтолгон жүк ташуучу унаалар. ЕЭКтин комментарийи

Казакстандык журналисттер министрге Казакстанга кирүүдө жана чыгууда жүк ташуучу унаалардын топтолуп калышына ЕЭК кандай чараларды көрүп жатканы боюнча суроо узатты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолушу боюнча комментарий берди.
ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов
Ал Sputnik агенттигинде өткөн "ЕАЭБ мамлекеттеринин бажылык кызматташуусу" боюнча видеокөпүрөгө катышкан.
Казакстандык журналисттер ага Казакстанга кирүүдө жана чыгууда жүк ташуучу унаалардын топтолуп калышына ЕЭК кандай чараларды көрүп жатканы боюнча суроо узатты.
Мамытканов жүк ташыган унаалар ЕАЭБдин аймагында болуп жатканын белгиледи.
"Мен бир нерсени биздин бардык жарандарга жеткиргим келет, Биримдиктин ичинде бажылык чек ара жок. Анда болгону коопсуздукту камсыздаган административдик текшерүүлөр жүргүзүлүп турат. Башкача айтканда, чек арада чек арачылар гана турат. Бажы жана башка текшерүүчүлөр ал жерде жок. Бул сфера биздин экономикалык биримдик боюнча келишим менен көзөмөлдөнбөйт. Мындай маселелер ар бир мамлекеттин ички коопсуздугун камсыздоо боюнча саясатына байланыштуу. Бул сфера биздин биримдиктин компетенциясына кирбейт. Андыктан биримдиктин алкагында текшерүүлөр жүрүп жатат деген туура эмес", — деди Мамытканов.
Ал ошондой эле товарлардын ички чек аралар аркылуу кыймылы таптакыр башка маселе экенин белгиледи. Анын айтымында, ЕЭКтин алкагында товарларды көзөмөлдөө боюнча эл аралык келишимдин долбоору иштелип жатат. Бул маселе боюнча Казакстандын өкүлү жетектеген финансылык жана экономикалык блок иш алып барууда.
Кыргызстан минералдык жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салды