Вице-мэрдин иши. Финансы министрлигинин бөлүм башчысы менен аткаминер кармалды

Кармалгандардын негизги максаты мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча каражатынын бир бөлүгүн ыйгарып алуу болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Финансы министрлигинин бөлүм башчысы жана өкмөттүн аппаратынын мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
"Бишкек шаарынын У.А. аттуу вице-мэрине карата козголгон кылмыш ишин териштирүүнүн жүрүшүндө, Финансы министрлигинин капиталдык салымдарды пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы К.А.М. жана өкмөттүн аппаратынын А.М.Б. аттуу мурдагы кызматкеринин тиешеси бар экени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Айыпталуучулардын көрсөтмөсүнө ылайык, "Г.П.С" ЖЧКсы Чүй облусундагы Каракеев атындагы орто мектепти курууга тендерди өткөргөндөн кийин Т.Г.Т. аттуу жетекчиси курулушту каржылоо жагынан мамлекеттин жогорку кызматкерлери тарабынан жасалма түрдө түзүлгөн схемалык көйгөйлөргө туш болгон.
"Алардын негизги максаты — мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча каражатынын бир бөлүгүн өзүлөрүнө ыйгарып алуу болгон", — деп жазылат маалыматта.
Атайын кызмат билдиргендей, К.А.М. курулушка мамлекеттик бюджеттен акча бөлүү, объектилерди аныктоо жагынан кеңири ыйгарым укуктарга ээ болгон. Буга байланыштуу Т.Г.Т. жогорудагы кызмат адамдарына жалпы сумманын 5 пайызын, башкача айтканда, 1 миллион 500 миң сом пара катары өткөрүп берген.
Бул иш боюнча К.А.М. жана А.М.Б. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда мамлекеттин бюджетине, гранттардын жана донорлордун каражаттарына курулган бардык мектептерде дал ушундай текшерүү иш аракеттери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Эске салсак, буга чейин аталган иш боюнча Бишкектин вице-мэри менен кошо "Г.П.С." ЖЧКсынын башкы директору Т.Г.Т. менен Мамкурулуш турак жай жана жарандык курулуш башкармалыгынын бөлүм башчысы А.Э.Ж. да кармалган.