Бул кубанычтуу жаңылыктын артында саналуу адамдардын опол тоодой, ат көтөргүс эмгеги бар. Казыбек казалчыны актоо үчүн ар кайсы мекеменин эшигин каккылап жүрүп акыры максатына жеткен ырчы, КР эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиевди Sputnik Кыргызстан агенттиги кепке тартты.
— Казыбек Мамбетимин уулунун акталышына сиздин эмгегиңиз чоң экенин билебиз. Оболу кубанычыңызды тең бөлүшүп, ыраазычылык билдиребиз.
— Рахмат! Атабыздын акталып, чыгармачылык чөйрөдө кайра ордун табышы жеке мен үчүн, чыгармачыл чөйрөдө жүргөн жамакчы, акын, дастанчылар үчүн чоң жетишкендик. Казыбек Мамбетимин уулу — көөнөрбөс өнөрдүн туу чокусунда жүргөн аталарыбыздын бири. Аны барктап-даңктап, тирүү кезинде ишке ашпай калган ойлорун жүзөгө ашыруу мойнубуздагы милдет эмеспи.
Токтобек Асаналиев: Казыбек Мамбетимин уулу — көөнөрбөс өнөрдүн туу чокусунда жүргөн аталарыбыздын бири
— Бул ишти аягына чыгарып, Жогорку Соттун чечимин алуу оңойго турбаса керек.
— Казыбек казалчынын казалдарына үңүлүп, Ат-Башы, Нарын, Казарманды түрө кыдырып, кол жазмаларын чогултуп жүргөнүмө 10-15 жыл болду. Бул киши актала электе мамлекеттин беделине доо кетип калбасын деп кол жазмаларынын айрымдарын айтып чогултсам, бирин айтчу эмесмин. Өзүңүздөр билгендей, 1987-жылга чейин ал эл душманы аталып келген.
Бул иштин аягына чекит коюу үчүн УКМКга өзүмдүн, элдин атынан 2-3 жолу кат жаздым. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмаз Баатырбеков, маркум Чыныбай Турсунбеков жана башка 4-5 депутаттын колдоосу менен ошол кездеги УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевге да кат жазылган. Бирок алар казалчынын ишинен жашырууну алына элек деп эч нерсе кыла албай турганын айтышкан.
Мүдөөмө жетиш үчүн көп эшикти кагып, көп адамга жолуктум. Адабият, маданият, тарых сүйүүчүлөрүнө, Казыбекти изилдеп жүргөндөргө, Казыбек айтуучуларга, залкардын караанын көрүп калгам дегендерге чейин жолукканга аракет кылып, сүйлөшүү үчүн таманым тешилгенче Тогуз-Торо, Ат-Башы, Нарынды түрө кыдырдым. Өзүм ат-башылык болгон үчүн, маданиятты, чыгармачылыкты түшүнгөн үчүн, казалчынын акталып, маданият, адабият чөйрөсүндөгү ордуна алып келип коюш үчүн ал кишинин баласы катары милдетимди аткарайын дедим.
Кийин август айынын башында Садыр Жапаровго да кайрылып, аны менен жолуктум. Президент "макул, эгер ошол мыйзам чегинде болсо, актатканга жардам берели" дегенден кийин иш тездеп, Башкы прокуратурага тапшырылды. Башкы прокурор Курманкул Зулушев, орун басары Кумарбек Токтакунов жана кызматкерлери менен ишти карап чыккандан кийин бул кишинин күнөөсү жок деп табылды. Казыбек атабызды актаган чечим чыгарган Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбаевге, ал ишти караган Инара Гилязетдиновага ыраазычылык билдиребиз.
Соттун "Казыбек Мамбетимин уулу акталды" деген чечимин укканда эркек уулдуу болгондой, Казыбек кайра төрөлгөндөй, Казыбек жаңырып кайра жаралгандай кубандым! Көп эле кубангам, бирок кан басымым көтөрүлгөнчө мынчалык сүйүнө элек болчумун. Бул — биздин иштин өтөөсү, эмгектин акыбети. Казыбек атабыздын экинчи өмүрү кайра башталды десек болот.
Токтобек Асаналиев: Казыбек казалчынын казалдарына үңүлүп, Ат-Башы, Нарын, Казарманды түрө кыдырып, кол жазмаларын чогултуп жүргөнүмө 10-15 жыл болду
— Казыбек казалчынын экинчи өмүрү кайра башталды деп калдыңыз. Ал адабият, маданиятта ордун табышы үчүн кандай иштер жасалат же жасалып жатат?
— Белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын Казыбек тууралуу жана анын казалдарын жазып алган кол жазмасы буга чейин жашыруун колума тийген. Себеби Кытайда аз сандагы калктарга басмырлоо болуп, алардын элдик чыгармаларын жоготууга аракеттер жүргөнүн баарыбыз эле билебиз. Ошондон улам Жусуп Мамайдын кол жазмасы күйүп кетпесин деп мага тапшырышкан.
Казыбек аксакал Кытай жергесинде жүргөндө Жусуп Мамайдын Балбай Мамай деген агасы аны үйүнө алдырып, казалчы ал жакта 1-2 жыл жашап калыптыр. Ошол мезгилде Жусуп Мамай 12-13 жашта экен. Казыбек атабыздын колуна суу куюп, анын казалдарын, тарых-таржымалын угуп кийин аны кол жазма кылып жазыптыр.
Экинчиден, Иле кыргыздардан келген Молдакун Абдыш уулу деген атабыз Казыбекти Кытайда жүргөндө көрүп калып, чагатай тилинде Казыбектин казалдарын кагазга түшүрүп коюптур. Элестетиңиздер, сандыктын түбүндө 80 жыл катылып жаткан ошол китеп колума тийди. Сыясы ошол бойдон. Ат-Башынын акими болуп жүргөн Нурбек Сатаровдун да Кытайда туугандары бар экен. Ал аркылуу да Казыбектин ырларын алгам.
Эң башкысы, Казыбекти 18 жыл изилдеп, иликтеген Болотбек Исабеков деген казармандык атабыздын эмгегин таптым. Өзүнүн айтуусу боюнча, ал Нарындагы фольклордук чыгармаларды иликтөө боюнча топтун башчысы болуп жүргөндө Казыбекке кезигип, эч кимге айтпай ал тууралуу жашыруун материал жыйнаган экен. Бирок Улуттук коопсуздук комитети билип калып артынан түшүп, акыры жазган эмгегин алып кетишиптир. Болотбек Исабеков кыйын экен, андай эмгектен эки экземпляр жазып, бирөө калыптыр. Ошол эмгек колума тийди.
Казыбек тууралуу акын, жазуучу жана котормочу Ысмайыл Кадыров агайыбыз да көп материал чогулткан экен. Ошол киши менен кеңешип, көп жардамын көрүп жатабыз.
Казыбек кайра жаралды деп бекеринен айткан жокмун. Бул киши 94 жылдан кийин акталып жатат. Караңгы түндүн артында жарык күн бар экенин билчүмүн. Ырлары эл оозунда, ал тургай кытайлык кыргыздардан бери өлбөй-житпей айтылып келе жатат. Бул — легендарлуу акын. Ал киши төкмө, билимдүү-илимдүү адам болгон. Көздүү мончок жерде калбайт, алтын чирибейт, шибегени катып койсоң дагы качандыр бир убакта көзөп чыгат. Анын сыңарындай Казыбек атабыздын кайра жаңырып жарык дүйнөгө келиши баарыбыз үчүн жагымдуу көрүнүш, кубанычтуу кабар. Бул адам адабиятта, маданиятта сөзсүз ордун табышы керек.
Токтобек Асаналиев: Казыбек кайра жаралды деп бекеринен айткан жокмун. Бул киши 94 жылдан кийин акталып жатат
— Чогулткан эмгектердин баары бир китеп болуп чыгабы?
— Буга чейин Казыбек казалчы жана анын ырлары тууралуу бир топ китеп чыккан. Бирок биздики баарынан өзгөчө болот. Аны мен жазган жокмун. Мен болгону аларды чогултуп, эмгегин жарыкка алып чыга турган кишимин. Өмүр бою жарык көрбөй жүргөн материалдар чыгат.
Иш көп. Нурлан Нышанов Казыбектин болгон обонунун ноталарын жазып, иликтеп отурат. Акындын эл оозунда калган обондорунун баарын жаздырып, нотага түшүрүп жатабыз. Ал даяр. Казыбектин казалдарын айткан аксакалдарды мурда тартып алганбыз. Аны даректүү тасмага колдонсо болот.
Экинчиден, Жылдызбек Алыбаев, Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов, Максат Кулуев өңдүү төкмө акындар Казыбек атабыздын ырларын обонго салып, тексттерин бири-биринен ажыратып иштеп жатышат. Чыгармаларын Алтын фондго жаздырабыз. Азыр болгон курал-жаракты камдап коюп отурам. Илимдер академиясы менен дагы сүйлөшкөнбүз.
Казыбектин казалдарында, ырларында көбүнчө анын азаптуу күндөрү, чоң акындар менен айтышпай, жолукпай калган арманы жазылган. Акындын кыргыз жерин, салт-санаа, Арпа, Аксайды сүрөттөгөнүн окуп көзгө жаш тегеренет.
— Быйыл Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгы экен. Бул мааракеге кандай пландарыңыздар бар? Эмне иш-чаралар өтөт?
— "Казыбек акталды" дегенден кийин Маданият министрлигине барып жетекчилиги менен жолугуп келдим. Быйыл июль айында Ат-Башыда мамлекеттик деңгээлде этнофестиваль өтөт. Ага кошуп Казыбектин 120 жылдыгын чогуу белгилеш керек деп ойлойм. Бул демилгени министрликтин өкүлдөрүнө да айттык. Ага чейин китебин чыгарып жетишебиз деген пландар бар. Казалчынын 120 жылдыгы этнофестивалга кошулуп өтсө абдан жакшы болмок. Бир күндү атайын белгилеп, акындардын айтышын уюштуруп, Казыбек казалчынын 120 жылдыгына арналган концерт кече өткөрсөк деген ниет бар.