Пресс-борбор

"ЕАЭБ мамлекеттеринин бажылык кызматташуусу" жөнүндө видеокөпүрө

Видеокөпүрө эртең, 22-февраль күнү, саат 13:00дө башталат. Түз эфир Sputnik Кыргызстан агенттигинин сайтында жана Facebook баракчасынан көрсөтүлөт.
Sputnik
Иш-чарада ЕАЭБдин аймагындагы товарлардын кыймылына байкоо салуу жөнүндөгү макулдашуунун механизмдерин ишке ашыруу, жүк ташуучу унааларга пломба орнотуу сыяктуу маселелер козголот.
25-февраль күнү Нур-Султан шаарында өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык жыйындын алдында журналисттердин актуалдуу суроолоруна жооп бере турган кызматкерлер:
Мамытканов Максат Сүйүналиевич — Евразия экномикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри;
Владимиров Сергей Валентинович — ЕЭКтин Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору;
Өмүрбекова Алтынай Сейтбековна — ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору.