БУУ эл аралык каттамдарга чектөөнү алып салууну сунуштап жатат

Адистин пикиринде, айрым өлкөлөрдүн ПЦР-тесттерди жоюп, COVID-19га каршы эмдөө сертификатын гана калтырып койгону жакшы, бирок бул дагы жетиштүү эффект бере албайт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. БУУ системасындагы Дүйнөлүк туризм уюму (UNWTO) эл аралык каттамдар боюнча чектөөлөрдү алып салуу керек деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек берип жатып уюмдун башкы катчысы Зураб Пололикашвили билдирди.
"UNWTO туризмди калыбына келтирүү үчүн эл аралык каттамдар боюнча чектөөлөрдү алып салуу керек деп эсептейт. Бул нерсе экономиканын өсүшүнө дагы тоскоолдук кылып жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемия 2022-жылдын соңунда аягына чыгат деп божомолдоп жатат. Андыктан өкмөттөргө абалды байкап туруп, мүмкүн болгон учурда чектөөлөр боюнча маселени кайра карап чыгууну сунуштайт элек", — деди Пололикашвили.
Анын пикиринде, айрым өлкөлөрдүн ПЦР-тесттерди жоюп, COVID-19га каршы эмдөө сертификатын гана калтырып койгону жакшы, бирок бул дагы жетиштүү эффект бере албайт. Туризм бутуна турушу үчүн комплекстүү жана масштабдуу аракеттер талап кылынат.
ДССУ: коронавирустун дагы жаңы штаммдары пайда болушу мүмкүн