Бишкекте Орто Азиянын күчтүү мушкерлеринин катышуусунда турнир өтөт

Аралаш мушташ боюнча турнир 25-февралда болот.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. WEF жана Patriot FC спорттук уюмдары аралаш мушташ боюнча биргелешкен турнир өткөрөт. Бул тууралуу Sputnik агенттигине уюштуруучулар билдирди.
WEF ProfFight 47 турнири 25-февраль күнү Asanbay Center борборунда болот.
Анда Орто Азиянын күчтүү спортчулары күч сынашмакчы. Чемпиондук наам үчүн кимдер ат салышарын уюштуруучулар жакынкы убакта кабарлай турганын айтты.
Кыргызстандык белгилүү мушкерлердин ичинен Санжар Бостонбаев өзбекстандык Достон Гафуров менен кармашат.
Аты чыгып келе жаткан спортчулардын бири Хаби Аскарбек уулу өзбекстандык Шохрух Шонийозов менен кармашат.
BRAVE CF уюму: Кубаныч Абдисалам уулу чемпиондук наам үчүн беттешет