"Манас" аэропорту тарапта автоунаадан эркек кишинин сөөгү табылды

Буга чейин социалдык тармакта "Манас" аэропортунун унаа токтотуучу жайынан таксист өлтүрүлдү деген маалымат тараган. Милиция бул билдирмени төгүндөдү.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. "Манас" аэропорту районунда автоунаадан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин социалдык тармакта "Манас" аэропортунун унаа токтотуучу жайынан таксист өлтүрүлдү деген маалымат тараган. Милиция бул билдирмени төгүндөдү.

"22-февралда Сокулук райондук милицияга "Манас" аэропортунда автоунаанын ичинен эркек адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине укук коргоо органдары барып, 40 жаштагы кишинин сөөгүн табышкан. Анын денесине эч кандай залака келтирилбегени аныкталды. Милиция кызматкерлери автоунаанын ичинен газдын жытын сезишкен. Унаада багаждан атмосферага чыккан газдын добушун азайтуучу түзүлүшкө (глушитель) чейин туташылган шланг табылган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Бирдиктүү реестрге катталып, учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Укук коргоо органдары элди такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.
Казармандын жолунда көчкү алдында калган төрт кишини 53 куткаруучу издөөдө