БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖКнын регламенти комитети Атыр Абдрахматованын акыйкатчы болушун жактырды. Бул туурасында аталган комитеттин төрагасы Медер Алиев билдирди.
Анын айтымында, "Ишеним", "Бүтүн Кыргызстан", "Ата-Журт Кыргызстан" жана "Ынтымак" фракциялары Акыйкатчы институтун башкарууга Абдырахматовага ишеним көрсөтүп, талапкерлигин сунуштаган. Натыйжада колдоо таап, бейшемби күнү жалпы жыйынга алып чыгуу чечимин кабыл алды.
Белгилей кетсек, мурдагы акыйкатчы Токон Мамытов 2021-жылдын 18-октябрында парламенттик шайлоого катышарын айтып кызматын тапшырган.
Атыр Абдрахматова 2015-жылы дагы "Республика — Ата-Журт" фракциясы тарабынан акыйкатчылык орунга көрсөтүлүп, өтпөй калган. Андан соң 2020-жылга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп эмгектенген.