Радио

Маматов: бейтаптардын 80%ы липосакцияны сулуулук үчүн жасатышат

Пластикалык хирург Улукбек Маматов денедеги майларды сордуруп алуу операциясынын баасы 2-3 миң долларга чейин барарын айтты.
Sputnik
Ашыкча майды алдыргандан кийин бейтап реабилитацияга да (массаж, витамин) каражат коротууга даяр болушу керек. Май алынгандан кийин шалбыраган тери (өзгөчө улгайган адамдардыкы) кесилет. Бирок адам ден соолугуна кам көрүп, туура жашоо образын карманбаса тери чоюлуп өсүп, майлар кайрадан топтолушу толук мүмкүн. Бул тууралуу Улукбек Маматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда денедеги бир зонага липосакция жасоо 500 доллардан өйдө турат.
"Ашыкча салмактан хирургиялык жол менен арылууну каалагандардын 80 пайызы (аялдар) сулуулук үчүн келишет. Спорт менен машыгып, тулку бойду жакшыртып, ашыкча салмактан кутула алчу бейтаптар да бар. Аларга кеңеш бергенибиз менен кардар өзү чечим чыгарат, биз операция жасап беребиз. Алсак, кээ бир бейтаптар операция жасатыш үчүн атайын жылдап салмак кошуп келишет. Эмне себептен дегенде имплант койдурбай өзүнүн майын жамбашына куюп келбетти жакшыртса болот. Бул денени липомоделдөө операциясы. Булар канчалык спорт менен машыкса дагы өзү каалагандай жыйынтыкка жетпеген өтө арык кыздар. Ал эми ашыкча салмактан ден соолугум жапа чекпесин деп кайрылгандар абдан эле аз. Бул кишилер бариатриялык операция (ашказанды кичирейтүү) жасатышат. Липосакция абдан кымбат, атайын жабдыктар менен жасалат. Аталган жабдык менен кичинекей тешик аркылуу май, тамырлар бузулбай алынып, кайрадан денеге куюлат. Өлкөдө бул операциянын ультраүн жана вибрациялык деген түрлөрү (4-5 саат) жасалууда. Бишкектеги көп эле клиникаларда липосакция жасай турган жабдыктар бар. Ага чейин майды электроотсос менен сордуруп салышчу эле. Өтө кооптуу механикалык ыкма деп айтат элем. Мындай операцияда кан тамырлар катуу жабыркайт", — деди Маматов.
Хирург Бишкектеги клиникаларда ашыкча салмактан арылтуучу операциялар арзан болгондуктан (Россияда 10 миң доллар) Россия, Казакстандан кардарлар көп келерин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: