Бишкекте жаңы курула турчу Ак үйдүн эскиздери жарыяланды

Конкурска 26 долбоор келип түшүп, бешөө калыстардын элегинен өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна курула турган административдик борбордун эскиздерин көрсөттү.
Архитекторлор тарабынан иштелип чыккан беш вариант сунушталды, жеңүүчүнү калыстар тобу аныктаган.
Башкы архитектура учурда мамлекеттик органдардын мекемеси Бишкектин чок ортосунда жайгашкандыктан транспорт жана тургундар үчүн ыңгайсыздык жаралып жатканын белгилеген. Андыктан борбордук аппарат бир жерде болушу зарыл экени айтылды.
"Архитекторлор долбоордун жакшы жактарын гана көрүп жатат. Административдик борбор мамлекеттик аппараттын ишин оптималдаштырып, мамкызматкерлердин иштөө шартын жакшыртып, чыгымдарды кыскартат жана калаанын чок ортосундагы тыгынды азайтат", — деп айтылат маалыматта.
Эскизин даярдоого министрлер кабинети ачык конкурс жарыялаган. 21-февралда калыстар тобунун жыйыны өтүп, 26 долбоор каралган. Натыйжада үч эмгек кыска тизмеге киргизилип, авторлорго 500 миң сомдон берилген.
Эскиздер:
8888 шифри коюлган долбоор (калыстардын 25 упайын алган)
7758 шифри коюлган долбоор (19 упай)
0104 шифри коюлган долбоор (18 упай)
Ошондой эле эки долбоор 150 миң сомдон кызыктыруучу сый акы алышкан.
2820 шифри коюлган долбоор (17 упай)
8888/1 шифри коюлган долбоор (8 упай)
Бардык долбоорлор, анын ичинде кызыктыруучу сый акыга татыган эки эскиз да президенттин администрациясына кароого жөнөтүлдү. Бийлик жеңүүчүнү тандашы керек, андан соң аларга долбоорду жүзөгө ашыруу укугу берилет.
"Ысык-Көл" мейманканасынын гүлдөгөн доору жана азыркы учуру. Архивдик сүрөттөр