БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бөйрөктү олуттуу ооруга чалдыктырып, кыйналып калбаш үчүн жыл сайын медициналык кароодон өтүп туруш керек. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек саясаты жана медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Гүласыл Сутуева айтты.
Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек саясаты жана медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Гүласыл Сутуева
Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда гемодиализге болгон суроо-талап күч" аттуу брифингде ал аталган оорунун жарымы кант диабетинен пайда болорун айтты.
"Бөйрөгү ооруп калгандардын кантип азап тартып, кандай кыйналып жатканын угуп-көрүп жүрөсүздөр. Мамлекеттин гемодиализге акча бөлүшү үчүн канчалаган митингдер өттү... Адам өзүн-өзү мындай абалга жеткирбеш үчүн ден соолукка кам көрүп, биринчи иретте туура тамактануу керек. Башкысы — оору өтүшүп кетпесин, медициналык кароодон жыл сайын өтүп тургула. Бардыгы өзүңөрдүн колуңарда", — деди Сутуева.
Бринфингде өнөкөт бөйрөк оорусу барлардын жана катуу ооруп калгандардын маселеси талкууланды. Алар күн алыс жасалуучу гемодиализге муктаж. Бир процедура болжол менен 5-6 миң сом турат. Көйгөйдү бөйрөк алмаштырып чечүү жолу бар, бирок андай кылганга кээде ден соолук жол бербеши да мүмкүн. Кыргызстанда аталган органды алмаштыруу 7 миң доллар турат, бирок ал да сейрек жасалат. Чет өлкөдө бөйрөк алмаштыруу андан кымбат. Трансплантация болгондон кийин көчүрүлгөн бөйрөк толук иштеп кетиши үчүн өмүр бою дары ичип жүрүүгө туура келет.