УКМК адам уурдоого шектелген кылмыш тобунун мүчөсүн кармады

Кылмыш тобунун мүчөлөрү аны Байтик айылына алып чыгып, "Ош" базарындагы соода кылган жайын талап кылып, ур-токмокко алган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Адам уурдоого шектелип, мурда издөөгө алынган 31 жаштагы киши борбор калаадан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Ал жаран Кылмыш-жаза кодексинин 203 ("Ири суммадагы акча талап кылуу") жана 170-беренесинин ("Адам уурдоо") негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдардан улам изделип жатканы айтылган.
Белгилей кетсек, буга чейин М.Д.Б. аттуу жаран аны уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрү күчтөп Байтик айылына алып чыгып, Бишкек шаарынын "Ош" базарындагы соода кылган жайын талап кылып ур-токмокко алгандыгына арызданып, чара көрүүнү суранып УКМКга кат жүзүндө кайрылган.
Өткөн жылдын аягында О.у.А. издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген. 2022-жылдын 21-февралында кармалып, №1 тергөө камак жайына киргизилгени кабарланды.
УКМК: чек арадан мыйзамсыз алып өтүп бараткан 19 тонна жүк кармалды. Видео