Бишкектин вице-мэри Азат Узаков эки айга камалды

Атайын кызмат бир катар кызмат адамдарын 19-февраль күнү кармаган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкектин вице-мэри Азат Узаков 18-апрелге чейин камакка алынып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабарлады.
Вице-мэр менен кошо "Г.П.С." ЖЧКсынын башкы директору Т.Г.Т. менен Мамкурулуштун турак жай жана жарандык курулуш башкармалыгынын бөлүм башчысы А.Э.Ж. да эки айга камалган.
Атайын кызмат жогоруда аталган кызмат адамдарын 19-февраль күнү кармаган. Узаков өкмөттүн аппаратында курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп турганда жеке компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында коррупциялык схеманы уюштурган деп айыпталууда. Тагыраак айтканда, мектеп куруудагы мыйзам бузуунун кесепетинен мамлекеттик бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилген.
Салыкчылар менен MegaCom кызматкерлерине иш козголуп, бирөө кармалды