УКМК: чек арадан мыйзамсыз алып өтүп бараткан 19 тонна жүк кармалды. Видео

Азыркы учурда контрабанда фактылары боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 12-январдан 15-февралга чейинки күндөрү мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз алып өтүлүп жаткан 19 тоннадан ашык жүк кармалган. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 3

Кыргызстанда 12-январдан 15-февралга чейинки күндөрү мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз алып өтүлүп жаткан 19 тоннадан ашык жүк кармалган

2 / 3

Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты

3 / 3

Азыркы учурда бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатканы кабарланды

"Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул ишке тиешеси бар делип УКМКнын Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнүн биринин аскер кызматкерлери: прапорщик И.Н. жана сержант Э.М. экени аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатканы кабарланды.
Аталган комитеттен товарларды мыйзамсыз ташуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте айыл чарба продукцияларын мыйзамсыз ташып келүүгө жол бербөө, каналдарды токтотууга көмөктөшүү үчүн жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү жана укуктук чаралар көрүлүп жаткандыгын айтышты.
Чек арачылар үч күн бою Баткенде мыйзамсыз жүк ташыгандарды кармады