Тутуев Канболот Мусаевич — өмүр баяны

Канболот Тутуев 1982-жылы 19-августта Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Насирдин айылында туулган. Жогорку билимдүү.
Sputnik
Билими:
1999-2004 — ОшМУнун философия жана башкаруу технологиясы факультетинин "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистиги;
2005-2006 — Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын аспирантурасы;
2007-2009 — Федор Достоевский атындагы Омск мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин аспирантурасы.
Эмгек жолу:
2006-2007 — Ош облустук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис;
2010 — Ош шаарынын мэриясында биринчи категориядагы адис;
2010-2012 — Ош облустук мамлекеттик администрациясынын маалымат катчысы;
2012 — Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратында жетектөөчү адис;
2012-2017 — Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси;
2017-2019 — Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрация башчысы акиминин орун басары;
2019-2021 — өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;
2021-2022 — президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында уюштуруу инспектордук, кадр иштери жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;
2022-жыл, 3-февраль — Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы.
2022-жыл, 16-февраль — Нарын шаарынын мэри.
Мамлекеттик жарандык кызматтын I класстагы кеңешчиси.