Тоодон түшкөн сууларды суткалык жөнгө салуу бассейндерге (БСР), декадалык жөнгө салуу бассейндерге (БДР) азыртыдан толтуруу зарыл. Мындай пикирин Карыпбек Асанов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бассейндерди чакан ГЭСтерге байлап койсо болот.
"Азыр баары кымбаттады. Үрөн маселесин Айыл чарба министрлиги чечүүдө. Ал эми жер семирткич, сугат суу маселеси көйгөй жаратышы ыктымал. Анткени жер семирткичти фермерлер учурунда 14-15 сомдон алышчу. Азыр анын баасы 50 сомдон өйдө болуп жатат. Сатып алганда түшүм ошону актаар-актабасы маселе бойдон калууда. Ошондой эле мөңгүлөргө кар түшпөй сугат суу тартыштыгы жаралышы мүмкүн. Ошондуктан тез аранын ичинде тоодон түшкөн сууларды суткалык жөнгө салуу бассейндерине (БСР), декадалык жөнгө салуу бассейндерине (БДР) топтоо керек. Өзгөчө суу тартыш жерлерге ушул ыкманы колдонуу зарыл. Президент чакан ГЭСтерди куруу зарылдыгын белгилөөдө. Мына ошолорго бассейндерди байлап, аны сугатка колдонбосо абал татаалдашып кетет", — деди Асанов.
Ошондой эле ал бул иштер аткарылбаса, жазда өлкө бийлигине сын күчөшү ыктымал экендигин кошумчалады.