Россияда COVID сертификаттарын берүү эрежеси өзгөрдү

Мындан ары сертификатта коронавируска каршы вакцинациянын бүткөндүгү, ооруп айыккандыгы жана антителого тапшырган тесттин жыйынтыгы боюнча маалымат жазылат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Россияда жарандар эми коронавируска каршы эмделгендиги же ооруп айыккандыгы тууралуу сертификатты антителого тапшырган тесттин оң жыйынтыгынын негизинде гана ала алышат. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Саламаттык сактоо министрлигине таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, мындан ары сертификатта коронавируска каршы вакцинациянын бүткөндүгү, дарт менен ооруп айыккандыгы жана антителого тапшырган тесттин оң жыйынтыгы боюнча маалымат жазылат.
"COVID антителосуна тапшырган тесттин жыйынтыгы чыккан соң жаран үч күн ичинде арыз жазып, аны мамлекеттик кызматтар порталына киргизиши керек. Ошондон кийин гана сертификат берилет", — деп айтылат маалыматта.
Антителого тестти лицензиясы бар бардык лабораториядан тапшырса болот. Сертификаттын мөөнөтү бул учурда тесттин жыйынтыгын алган күндөн тарта алты айга чейин болмокчу.
Эгер адамда ПЦР ыкмасы менен коронавирус аныкталып, бирок дарыгерге кайрылбаса, антителого тапшырган тестинин жыйынтыгы оң чыккандан кийин сертификатты бир жылдык мөөнөткө жасатса болору айтылды.
COVID-19га антителону акысыз аныктоо. Кыргызстанда изилдөөнүн 2-этабы башталат