Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ аскерлери чек арадан өтүп кеткен Украинанын эки аскер машинасын жок кылды

Окуянын кесепетинен топтун беш мүчөсү курман болгон. Россиялык аскерлердин арасында жабыркагандар жок.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Россиянын аскерлери менен чек арачылары Украинанын аймагынан келип, мамлекеттик чек араны бузган диверсанттардын тобун жок кылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Түштүк аскер округунун бөлүмү Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын чек арачылары менен биргеликте Украинанын аймагынан мыйзамсыз кирип келген чалгындоо тобун кармады", — деп айтылат маалыматта.
Атышуу учурунда Россиянын аймагына Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн эки аскер машинасы диверсанттарды алып кетүү үчүн келген. Эки машинанын тең жок кылынганы кабарланды.
Окуянын кесепетинен топтун беш мүчөсү курман болгон. Россиялык аскерлердин арасында жабыркагандар жок.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецк, Луганскидеги курчуган абал: дагы бир түн кандай өттү