АКШнын Россиядагы элчилиги өз жарандарына теракт ыктымалдуулугун айтууда

АКШ элчилиги тараткан билдирүүдө, теракт коркунучу болгондуктан америкалыктарга коомдук жайларга чыкпай туруу керектиги айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. АКШнын Россиядагы элчилиги өлкө аймагында жашап жаткан америкалыктар үчүн шашылыш билдирүү таратып, өлкөдөн чыгып кетүүнү пландоону сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Билдирүүдө теракт коркунучу болгондуктан америкалыктарга коомдук жайларга чыкпай туруу керектиги айтылган.
"ЖМКлардын булактары билдиргенине караганда, Москва, Санкт-Петербург сыяктуу ири шаарларда соода борборлору, метро станциялары сыяктуу эл көп чогулган жерлерге кол салуу коркунучу бар. Ошондой эле Россия менен Украинанын чек арасы жайгашкан аймактар кооптуу экени айтылууда", — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.
Ошол эле учурда элчилик Россиянын расмий бийлигине расмий каналдар аркылуу билдирүү жеткирген-жеткирбегени белгисиз. Кеп террорчулукка каршы биргеликте күрөшүү келишими тууралуу болуп жатат.
Россия ТИМнин расмий өкүлү Мария Захарова комментарий берип жатып, расмий Вашингтон мындай кол салуулар боюнча россиялык кесиптештерине маалымат бердиби деген суроо койду.
"Эгер маалымат берилбесе, муну кандай түшүнсө болот?" — деп жазды Захарова өзүнүн Telegram-каналына.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Париж: Путин менен Байден Макрондун саммит өткөрүү сунушун кабыл алды