БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Нарын шаарынын мэри болуп дайындалган Канболот Тутуев кызматка киришти. Бул тууралуу аталган калаанын администрациясынан кабарлады.
Бүгүн, 21-февралда, президенттин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев жаңы дайындалган Тутуевди шаардын мекеме, ишканалардын жетекчилерине тааныштырды.
Эске салсак, Тутуевди 16-февралда президент Садыр Жапаров дайындаган.
Канболот Тутуев 40 жашта, Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Насирдин айылында туулган. Үч жогорку билимдин ээси.
Эске сала кетсек, буга чейин шаар башчысы кызматын Жаныш Курбанов аткарып келген. Ал Нарын шаарынын мэри болуп 2021-жылдын 29-ноябрында дайындалган. Ден соолугуна байланыштуу өз арызы менен кызмат ордун бошотуп берген.