Мамлекеттик ипотекалык компания эки багыт боюнча кредит берүүнү жандантты

Программада бюджеттик кызматкерлерге 4, башка жарандарга 8 пайыздык коюм менен ипотека берүү каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Мамлекеттик ипотека компаниясы "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасынын алкагында банк аркылуу эки багыт боюнча кредит берүүнү жандантты. Бул туурасында аталган мекеменин сайтында маалымдалат.
Бүгүндөн баштап "Жеңилдетилген ипотека" (бюджеттик кызматкерлер) жана "Жеткиликтүү ипотека" (бардык жарандар үчүн) багыты боюнча программанын катышуучулары акча алуу үчүн "РСК банк", "Айыл банк" жана "Бакай банкка" кайрылса болот. Бирок алардын сурамы компаниянын порталында жактырылган болушу шарт.
"Менин үйүм" программасы өткөн жылдын сентябрь айында ишке киргизилген. Бюджеттик кызматкерлерге жылдык 4 пайыздык, башка жарандарга 8 пайыздык коюм менен ипотека берүү каралган. Деген менен суроо-талап көбөйүп, бирок каражат чектелүү болгондуктан сурамдарды кабыл алуу убактылуу токтотулган болчу.
4-8 пайыз менен. Сентябрдан тарта ишке аша турган мамлекеттик ипотеканын шарты