Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Луганск, Донецк республикалары Путинден алардын суверендүүлүгүн таанууну өтүндү

Республикалардын башчылары украин бийлиги маселени күч менен чечүүгө даярданып жаткандыгын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Өздөрүн өз алдынча республика деп жарыялаган Луганск жана Донецкинин башчылары Леонид Пасечник менен Денис Пушилин Россиянын президенти Владимир Путинден алардын эгемендүүлүгүн таанууну суранды.
Алар видео кайрылуу жазып жөнөткөн.
Пушилин эл Донецк Эл Республикасын (ДЭР) көз карандысыз, демократиялык, укуктук, социалдык мамлекет катары таануусун суранып жаткандыгын айткан.
Пушилиндин айтымында, Донбасстын башкы максаты — Россия менен интеграциялашуу, себеби аталган аймакта жашагандар өздөрүн орус духунда сезишет.
Украин армиясынын толук басып киргенге даярданып жатканы туурасындагы маалыматты Луганск Эл Республикасынын (ЛЭР) башчысы Пасечник да тастыктаган.
Ал 300 миңге жакыны Россиянын атуулдары болгон жай жарандардын массалык өлүмүнө жол бербеш үчүн ЛЭРдин суверендүүлүгүн таанууну суранган. Пасечник россиялык жардамдан улам гана аймакта гуманитардык каатчылык жаралбай калгандыгын айткан.
ЛЭР жана ДЭР башчылары Путинден кызматташуу боюнча келишим түзүүнү жана коргонуу жаатында өз ара кызматташуунун келечегин карап көрүүнү суранышкан.
Бүгүн Москва шаарында Коопсуздук кеңеши өтүп жатат. Россия лидери отурумдун максаты Луганск менен Донецкинин алардын суверендүүлүгүн таануу суранычын эске алып, Донбасс боюнча кадамдарды аныктап алуу экендигин айтты.
Ал республикалардын өз алдынчалыгын таануу дүйнөдөгү, Европадагы тынчтык жана коопсуздук маселесине тыгыз байланыштуу экендигин белгиледи.
Путин Россия башынан эле Донбасстагы карама-каршылыкты тынчтык жолу менен чечүү үчүн бардык аракеттерди жасап келе жаткандыгын айтты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ аскерлери чек арадан өтүп кеткен Украинанын эки аскер машинасын жок кылды
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецк, Луганскидеги курчуган абал: дагы бир түн кандай өттү