Кыргызстандык окуучу Европада өткөн олимпиададан алтын медаль утту

Мелдешке дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн 16 жашка чыга элек 160 окуучу катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. 11-13-февралда жеткинчектер арасында өткөн программалоо боюнча VI эл аралык мелдеште кыргызстандык окуучу Айдар Мундузбаев алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
1 / 2

11-13-февралда жеткинчектер арасында өткөн программалоо боюнча VI эл аралык мелдеште кыргызстандык окуучу Айдар Мундузбаев алтын медаль утуп алды

2 / 2

Иш-чараны Румыниянын Прахова округунун Алдыңкы тажрыйба борбору уюштурган

Иш-чараны Румыниянын Прахова округунун Алдыңкы тажрыйба борбору уюштурган.
Мелдешке дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн, атап айтканда, Армения, Болгария, Венгрия, Грузия, Египет, Испания, Италия, Кипр, Кыргызстан, Молдова, Россия, Румыния, Сирия жана Украинадан 16 жашка чыга элек 160 окуучу катышкан.
Кыргызстандын атынан жалпы жонунан төрт окуучу катышып, мелдеш катуу атаандаштыкта өткөн .
Жапаров: мугалимдерге маяна төлөө системасы кайра каралат